Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

59 адам арызданган. Ошто "Ансар Групп" кооперативинин жооптуу адамдары кармалды

10.10.2022 13:47
307
59 адам арызданган. Ошто "Ансар Групп" кооперативинин жооптуу адамдары кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан “Ансар Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган кооперативден алданып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандардын саны 59 адамга жетти. Жарандарга келтирилген чыгым 63.8 млн. сомду түзөт. Алардын көпчүлүгүнө аталган кооператив турак-жай сунуш кылышып, ар кандай суммадагы акчалай төлөмдөрүн алышып, бирок үй алып бере алышкан эмес. Акчалары дагы кайтарылбаган. Көпчүлүк жабырлануучулар кооператив тарабынан убадаланган үйлөр берилбегендиктен, убадаланган үй берүү мөөнөттөрү өтүп кеткендиктен арыз жазууга мажбур болушкан. Жабырлануучуларлын арасында 5 млн. сомдон ашыкча акча берген жабырлануучулар бар.

 

  Учурда “Ансар Групп” коммерциялык эмес керектөөчү кооперативине жана андагы тиешелүү жооптуу адамдарга туура юридикалык баа берүү максатында Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-бер. 4-бөл. 4-п. каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.


Бул кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 9-октябрь күнү шектүү катарында “ Ансар Групп” кооперативинин республика боюнча жетекчиси 1994-жылы туулган Ш.Э. жана аталган кооперативдин Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси 1995-жылы туулган С. уулу А. кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эртеӊ кармалгандардын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат. 


 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аталган кооперативден жабыр тарткан жарандар болсо 03222-4-82-82 номери аркылуу байланышып коюуну суранат.

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн