Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 549 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 6-августтагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, бардыгы болуп бир сутка ичинде 589 бейтап айыкты.
Жаңы учурдар:
- Бишкек шарында - 162
- Ош шарында – 81
- Чүй облусу – 38
- Ош облусу - 71
- Талас облусу – 36
- Нарын облусу – 12
- Ысык-Көл облусу – 45
- Жалал-Абад облусу – 44
- Баткен облусу - 60
Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 38659 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн