Кыргызстанда 2022-жылдын 6 айында контролдук-кассалык машиналарды колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698 млрд сомду түздү.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351 млрд сомго көп болуп , өсүү темпи 201%ды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматы билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери жыйырма миңден ашык субъект контролдук-кассалык машиналар менен иштөөгө өттү.
Учурда өлкө боюнча 52 миңден ашык ККМ колдонулууда. Эске салсак, 2022-жылдын 10-майынан тартып Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүп жатат.
Лотереяга 95 миңден ашык жаран катышууда, “Салык чек” тиркемеси аркылуу алар 6,1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти. Лотереянын экинчи утушу 1-октябрда өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн