Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:27
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

6 эркек киши 20 жаштагы келинди талаада зордуктаган

17.05.2021 08:06
2675
6 эркек киши 20 жаштагы келинди талаада зордуктаган

Андижан районунда алты эркек киши 20 жаштагы келинди зордуктады деп шектелүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Gazeta.uz сайтына билдирген.


Жабырлануучунун айтымында, ал 13-май күнү жолдошу экөө талаада иштөө үчүн  барган. Саат 16:00дө ал чатырда жалгыз жүргөндө ага тааныш О.С. мас абалында келип, аны зордуктаган. Андан кийин О.С. тааныштарын чакырып, алар дагы  келинди зордукташкан.


Кылмышка шектүүлөр чындыгында ошол күнү талаага чыгып, ошол жердеги Карадарья дарыясына жуунуп, бирок ал күнү О.О. аттуу келинди көрбөгөнүн жана аны менен жыныстык катнашта болбогонун айтышкан.


Азыркы учурда соттук-медициналык экспертизалар даярдалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн