6-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган 38 учурдун алтысы ооруну кайдан жуктурганы белгисиз.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 9;
Ош облусунда – 2;
Ош шаарында - 11;
Чүй облусунда - 10;
Нарын облусу - 3;
Баткен облусунда - 1;
Жалал-Абад облусу - 2.
Муну менен республика боюнча жалпы 1974 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 20 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1360 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн