Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

6-кичирайондогу кичи стадиондун ордуна курулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

11.03.2021 16:53
746
6-кичирайондогу кичи стадиондун ордуна курулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду


Бишкектеги 6-кичирайондогу кичи стадиондун ордуна курулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкен.

Мурдараак Бишкек шаарынын 6-кичирайонунун жашоочулары балдар ойногон кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу уйдүн курулушуна каршы митингге чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча, компания курулуш техникаларын алып келип, №13,14,15 жана 16 үйлөрдүн ортосунда курулуш иштерин баштоого ниеттенишкен.

Андан кийин мэрия аталган маселени тактай турганын убада кылган. Муниципалитеттин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, курулушка зарыл болгон бардык документтерди сурашкан.

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыровдун айтымында, азыркы учурда курулуш иштери токтотулду.

“Документке ылайык, аталган жер тилкеси 2011-жылы 49 жылга ижарага берилген. Курулуш долбоору бардык экспертизадан өтүп, КРнын Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги менен макулдашылган. Ага карабастан биз иштин бардык жагдайлары такталганга чейин курулуш иштерин токтотууну сурандык. Биз зарыл болгон бардык документтерди чогултуп, аныктайбыз”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн