Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

6 миң доллар берем деп унаасын алып качып кеткен жаран кармалды

11.04.2021 19:08
646
6 миң доллар берем деп унаасын алып качып кеткен жаран кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Ж.К. аттуу шектүү ушул жылдын 9-апрелинде Бишкектеги "Ош базарынын" жанынан алдамчылык жолу менен Ош шаарынын тургунунун унаасын тартып алып, ага чоң материалдык чыгым келтирген. Анда шектүү 6 миң доллар турган Toyota Camry унаасын сатып алып, калган сумманы эки айдын ичинде берем деп 40 миң сом гана төлөгөн.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй алдамчылыкка шектелген адам издөөдө жүргөн.


Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Изделип жаткан жаран Ж.К. 1983-жылы туулган Араван районунун тургуну болгон, ал Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалган.


Териштирүү иштеринде шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Кармалган жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн