Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:36
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

6 млн сом берилди. Чоң-Алай районунун түзүлгөнүнө 30 жыл толду

28.02.2022 16:41
1072
6 млн сом берилди. Чоң-Алай районунун түзүлгөнүнө 30 жыл толду



27-февраль күнү Чоң-Алай районунун түзүлгөнүнүн 30 жылдык мааракеси өткөрүлдү. 



Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өлкөнүн аймактарынан келген коноктор, ЖК депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанатта майрамдык концерт тартууланып, Чоң-Алай районун өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга ардак грамота тапшырылды.Иш-чарада КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов район тургундарын майрамы менен куттуктап, өндүрүш ишканасын ачууга колдоо катары 6 000 000 сомдук сертификат тапшырды. 


“ Чоң-Алай району эң кооз жерлердин бири. Өз алдынча район болуп макам алгандан бери 30 жыл аралыгында Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Чоң-Алай эли өтө мээнеткеч келет. Райондо өндүрүлгөн картошка үрөндөрү биздин эле өлкөгө эмес, коңшу өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Чоң-Алай району шарты катаал, тоолуу аймак болгону менен Экономикалык, туристтик потенциялы өтө чоң. Мен буга чейин Чоң-Алай районуна иш сапарым менен келип тургундардын көйгөйлөрүн угуп кеткем. Азыр ал көйгөйлөрдү катары менен чечип жатабыз. Мен мындан ары да Чоң-Алай элинин көйгөйлөрүн чечүүгө болгон күч аракетимди жумшайм. ”,-деди Зиядин Жамалдинов


Мааракени утурлай Чоң-Алай районунда социалдык обьектилердин ачылыш аземи өткөрүлдү. Ошондой эле Спорттук мелдештер уюштурулду.


Маалымат үчүн, Чоң-Алай району Ош облусунун административдик аймагында район болуп 1992-жылы кайрадан түзүлгөн. Түндүк-батышынан Кыргызстандын Баткен облусунун тоо кыркалары, чыгышынан Алай тоо кыркалары, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет. Аянты 4860 км2 (Ош облусунун 16,6% ээлейт).Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан. Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн