Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

6 млн сом зыян келтирген. "Бишкекжашылчарба" ишканасынын эсепчиси кармалды

6 млн сом зыян келтирген. "Бишкекжашылчарба" ишканасынын эсепчиси кармалды

"Бишкекжашылчарба" муниципиалдык ишканасынын эсепчиси мамлекеттин бюджетинен 6 миллион сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланышып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен Ведомствонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп, агенттиктин С.Н.К аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарышкандыгы жана өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.


Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Бул факт боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.


Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган Агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда "Бишкекжашылчарба" МИнин башкы бухгалтери С.Н.К кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн