Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

6 млн сом зыян келтирилген. Өзбекстандан кагазды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

6 млн сом зыян келтирилген. Өзбекстандан кагазды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

Өзбекстан менен маалымат алмашуу порталы бажылык укук бузуу фактысын аныктоого көмөктөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар Өзбекстан менен маалымат алмашуу порталын колдонуу аркылуу товарлардын тариздөөсүнө мониторинг жүргүзүүдө Өзбекстандан "А" жеке ишканасына санитардык-гигиеналык кагаз (чийки зат) алынып келгендигин аныкташкан.

Ишкана Кыргызстандагы бажы аймагында бажылык тариздөөдөн өтүп жаткан учурда Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин экспорттук декларацияларында көрсөтүлгөн жалган маалыматтарды бергени аныкталган.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо менен мүнөздөлгөн укук бузуулар болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын бюджетине туумдарды кошкондо 5 млн 908 миң 378 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.э

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн