Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

6-октябрда Ново-Покровкада үй ээсин сабап, тоноп кеткендердин бири кармалды

19.03.2021 14:44
501
6-октябрда Ново-Покровкада үй ээсин сабап, тоноп кеткендердин бири кармалды

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү делген жарандардын экинчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айында Октябрь райондук ИИБгө 1989-жылы туулган Ц.А. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 6-октябрында болжол менен саат 08:00дөр чамаларында анын Ново-Покровка айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, аны коркутуп, денесине залал келтирип, акча каражатын жана үйүнүн ачкычтарын алышып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.


Чогултулган материалдар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуя катталган жери боюнча Ысык-Ата РИИБнө жөнөтүлгөн. Жогорудагы факты кылдмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында өткөн жылдын декабрь айынын орто ченинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаган соң материал сот органдарына өткөрүлүп берилген. Жогорудагы кылмышка тиешеси бар делип шектелгендердин үстүнөн ыкчам тергөө иш амалдарын жүргүзүү үчүн өзүнчө иш бөлүнүп, өндүрүшкө алынган.


Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында кечээ, 18-март күнү жогорудагы кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 1991-жылы туулган Ч.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн