Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодон 6 партияны четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов АКИпресс агенттигине билдирген.
Анын айтымында, буга чейин 2 партия каттоодон өткөн эмес.
"Жалпы 75 партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган. Эки партия каттоодон өткөн эмес. Дагы 6 партия өз убагында эсеп ачпагандыгы үчүн шайлоодон четтетилиши мүмкүн",- деди Бекматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн