Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

6-январдагы теледебаттагы журналисттердин "президенттик" форма үчүн үгүттөөсү текшерилет

07.01.2021 12:40
502
6-январдагы теледебаттагы журналисттердин "президенттик" форма үчүн үгүттөөсү текшерилет


Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобу КТРКдагы мыйзам бузууларды текшерет. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева  24.kg агенттигине билдирген.


Гүлнара Журабаеванын айтымында,  журналисттер дебат учурунда президенттикке  талапкерлерге суроолорду берип, президенттик башкаруу формасы үчүн үгүт иштерин жүргүзүштү. Бул кесипкөйлүк эмес жана журналисттер үгүт иштерин жүргүзбөшү керек.


«Биз бул билдирүүлөргө жооп беришибиз керек. Биздин координациялык топ материалдарды изилдейт», - деди ал.


Социалдык тармактын колдонуучулары кечээги дебаттардын форматын кескин айыптап, Борбордук шайлоо комиссиясынан аларга баа берүүнү талап кылышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн