Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 04:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

6 жаштагы кыз саякатка деп чогулткан акчасын медиктерге берди (видео)

09.07.2020 17:30
1250
6 жаштагы кыз саякатка деп чогулткан акчасын медиктерге берди (видео)


Кыргызстандык 6 жаштагы кыз саякаттоо үчүн чогултуп жүргөн каражатын коронавирус менен күрөшүү иштерине тапшырды. Бул тууралуу "Демилгелүү жаштар" борборунун өкүлү билдирди. 


Анын айтымында, кичинекей кыз тыйындардан чогулткан каражатын толугу менен берип жиберген. 


"Бүгүн кызыктай окуя болду. Биз нөөмөттө иштеп жатсак, бизге 5-6 жаштардагы кичинекей кыз келип, өлкөнүн абалына кайдыгер карабай, саякатка деп чогултуп жүргөн акчасын алып келип, тапшырып кетти. Биз сөзсүз бул каражаттарды медициналык кызматкерлердин муктаждыктарына жумшайбыз. Биз сени менен сыймыктанабыз", - деди ал. 


"Демилгелүү жаштар" борбору коронавирус менен күрөшүү иштерине өз алдынча каражат чогултушуп, медициналык каражаттарды Кыргызстандын аймактарына жөнөтүп жатышат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн