Чүйдөгү мектептердин биринде 60 жаштагы дене тарбия мугалими окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүп, тийишкенине ата-энелер нааразы болуп чыгышканы тууралуу маалымат тараган. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалыматты тастыктап, факты каттоого алынганын билдиришти.
Маалым болгондой, 27-апрелде Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринде ата-энелер чогулушу болгон. Анда айрым ата-энелер дене тарбия мугалими кыздарга ыдык көрсөткөнүн айтышкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган К.Г. милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси март айында дене тарбия мугалими кабинетине 2005-жылы туулган кызын чакырып алып, ыдык көрсөткөнүн айткан.
Айтымында, ал окуя тууралуу мугалим жумуштан кеткенден кийин гана билген. Ал эми ыдык көрдү делинген окуучу кыз милиция кызматкерлерине жогорудагыдай эле көрсөтмө берген. Андан аркы териштирүүдө 1979-жылы туулган Д.Г. арыз жазуудан баш тартып, 12 жаштагы кызына ыдык көрсөттү деген дене тарбия мугалимине эч кандай доосу жок экенин белгилеген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан мугалим ички иштер бөлүмүнө алып келинип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган аракеттер көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул окуя маалымат каражаттарына жарыяланганга чейин арыз менен эч ким милицияга кайрылган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн