Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

60 жылдык юбилейге баргандар массалык ууланып, 2 адам каза болду

11.03.2021 13:00
839
60 жылдык юбилейге баргандар массалык ууланып, 2 адам каза болду


Кара-Суу райоунунда 60 жылдык юбилей маарекесине баргандар маасалык түрдө ууланды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди. 


6-мартта Нариман айылынын И.А. аттуу жараны 60 жылдык юбилейин белгилөө үчүн 25тей кишини конокко чакырган. Алар үчүн "Ассорти" салатын даярдаган жана дасторкондо "Айва", "Вишня" шербети болгон. Маарекеден кийин баары үйүнө тарап кеткен.


7-8-март күндөрү маарекеге катышкандар өздөрүн жаман сезе баштаган. Бирок үйүндө дарыланып ооруканага барган эмес. 9-мартта юбилей өткөргөн жаран өзүн жаман сезип ооруканага кайрылган. Ошол эле күнү анын 1970-жылы туулган келини жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Ал эми юбилей өткөргөн жарандын досу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшөт.

Мындан сырткары, дагы 9 адам Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган.

10-март күнү келини жана досу каза болгон.


Азыркы учурда уулануу эмнеден келип чыкканы иликтенүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн