Бугу 02, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

600 миң сом. Жалал-Абадда ири алдамчылыкка шектүү кармалды

25.02.2023 10:02
276
600 миң сом. Жалал-Абадда ири алдамчылыкка шектүү кармалды

Ноокенде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалым болгондой, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Россия Федерациясынын Москва шаарынын тургуну 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын октябрь айында “Эдик” аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 000 (жети жүз миң) рубль карыз акчасын алып беремин деп убада берген. Ал 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын алып, бирок арыз ээсине “Акча каражатын ала элекмин” – деп алдап, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.


Бул факты боюнча топтолгон материал 2023-жылдын 23-февраль күнү Ноокен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында “Эдик” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-ж.т. тургуну С.А. экендиги такталган. С.А. 2023-жылдын 23-февраль күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн