Кыргызстандын дарыгерлеринин көзөмөлүндө 61 Кытай жараны турат. Бул чара Кытайдагы коронавирус эпидемиясын алдын алуу багытында ишке ашууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева кабарлады.
Анын айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 141 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын 80и биздин жарандар. Ошондой эле Кытайдан келген миңдей адам адистердин кароосунан өткөн. Алардан оорунун белгилери байкалган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн