Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

62 гектар жерди мыйзамсыз түрдө 460 миң долларга саткан. Башкы прокуратура жана "Бишкек машина куруучу заводдун" кызматкерлери кармалды

18.12.2021 11:57
903
62 гектар жерди мыйзамсыз түрдө 460 миң долларга саткан. Башкы прокуратура жана "Бишкек машина куруучу заводдун" кызматкерлери кармалды

Башкы прокуратуранын кызматкери жана "Бишкек машина куруучу завод" (БМКЗ) компаниясынын кызматкерлери мыйзамсыз иш жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.


Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан "Бишкек машина куруучу завод" компаниясына таандык 62 гектар жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып алуу жана ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схемага бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын туруктуу мыйзамсыз байланышы бар экендиги такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга Башкы прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо жана "БМКЗ" ачык акционердик коомунун кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталды.


"13-декабрда УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын кызматкери Ч.Н., “БМКЗ” ишканасынын кызматкери С.М. жана Э.Б., Ж.А. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталгандардын баары 2 айга камалды. Иштин материалдарында такталгандай, кылмыштын уюштуруучусу Ч.Н`нын кылмыш схемасы боюнча бул жер тилкеси Э.Б. аттуу жаранга 460 миң доллар акча каражатына сатылып кеткен", - деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн