Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

6700 доллар жана 37500 евро жасалма акчасы болгон. Чүйдө жасалма акчага көмүр сатып алган жаран кармалды

6700 доллар жана 37500 евро жасалма акчасы болгон. Чүйдө жасалма акчага көмүр сатып алган жаран кармалды

Көмүрдү жасалма акчага сатып алган жаран кармалды.  Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


 2023-жылдын 22-январь күнү Сокулук РИИБне арыз менен Сокулук айылынын тургуну Ж.Э. кайрылып, 22-январь күнү саат 14:30 убакытта жашы 35 чамасында болгон бейтааныш адам жасалма 200 АКШ долларын берип 1,700 тонна көмүр сатып алып, 4300 сом акчаны кайтарып окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. 

 

Аталган окуя Сокулук РИИБне катталып,

Кыргыз Республикасынын КЖКнин 233 беренесинде көрсөтүлгөн (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү болгон 1987-жылы туулган Дж.А. аттуу жаран Сокулук айылында дагы бир жерден жасалма акчага көмүр алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган учурда жанында дагы 75 даана 500 евро купюра жана 67 даана 100 АКШ доллар купюра табылды. 


Шектүү 1987-жылы туулган Дж.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда кармалган жаран бул окуядан башка жасалма акча менен дагы бир нече кылмыш жасаганы аныкталды.    

 Тергөө амалдары улантылууда.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн