Республика боюнча бүгүн, 7-апрель саат 9:00гө карата 12 учур катталды. Жалпы коронавирусту жуктургандардын саны 228ге жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 12 кишинин бары Ош облусунда катталды, алардын ичинен 7 киши медициналык кызматкер: 4 врач, 3 медициналык тейлөөчү.
Учурда алар инфекциялык ооруканага жаткырылды. Жалпы 201 киши ооруканада жатат, 10 кишинин абалы оор. Алар кислород менен дем алдырылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн