7-апрелден кийин 24-март "Элдик көтөрүлүш" өзүнүн актуалдуулугун жоготкон. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
"24-март "Элдик көтөрүлүш" катары 2008-жылдан баштап, 2013-жылга чейин календарда кызыл күн катары белгиленип келди. Бирок 7-апрелден кийин ал өз актуалдуулугун жоготуп, 2013-жылы кадимки күн катары белгиленип баштады. Эми суроо жаралат, октябрь окуяларынан кийин 7-апрель өз актуалдуулугун жоготкон жокпу?",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (1)