2025-жылдын январь-июль айларында өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 млрд 36 млн сом акциз салыгы жыйналды.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млн сомго көп.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 7 айында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү 426 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 млн сомго көп.
Белгилей кетсек, 2024-жылы республикада өндүрүлгөн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон алкоголдук продукциядан түшкөн жалпы акциздик салыктын көлөмү 4 млрд 302 млн сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 372 млн сомго көп болгон.
Эскерте кетсек, акциздик маркаларды көзөмөлдөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгон продукция — салыктык көзөмөлдүн негизинде;
- үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген продукция — бажы көзөмөлүнүн негизинде.
Соода тармагында (чекене жана дүң) сатылып жаткан маркаланууга тийиш болгон продукциянын акциздик маркасынын бар же жок экендигин жана анын аныктыгын салык органдары көзөмөлдөйт.
Салык кызматы жарандарды жасалма жана контрафакттык продукцияны колдонуудан качуу үчүн алкоголдук продукциядагы акциздик марканын аныктыгын текшерүүгө чакырат.
Аны текшерүү үчүн “Salyk” мобилдик тиркемесинде “Акциздик марка” бөлүмү бар. Ал жерде маркадагы Data-Matrix кодун сканерлөө аркылуу продукция тууралуу маалымат алууга болот. Ушундай эле функция cabinet.salyk.kg сайтынын “Акциздик марка” бөлүмүндө да жеткиликтүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн