Бүгүн, 7-майга карата коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде жалпы республика боюнча комендатуранын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн 137 жаран кармалып, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди.
ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.
Бишкек шаары – 119, Ош шаары - 4, Жалал-Абад шаары - 4, Ат-Башы району -10 жаран кармалды.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Анын 4167си эркек, 529 аял киши.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн