Аламүдүн районундагы айылдардын биринде асфальт төшөөдө колдонулган тракторду уурдап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
13-март күнү жасалган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 34 жана 18 жаштагы эки жаран кармалды. Чыгым 7 миң доллар деп бааланууда.
Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн