Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:18
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

7 партия "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуусун жокко чыгарууну талап кылууда

20.04.2021 16:36
2224
7 партия "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуусун жокко чыгарууну талап кылууда


Сегиз саясий партия - "Улуу Журт", "Айкөл Кыргызстан", “Коммунисттер партиясы”, "Улукман", ДДК партиясы, "Бүтүн Кыргызстан", "Жашылдар" партиясы жана “Бийлик элдики” партиясы бүгүн, 20-апрелде маалымат жыйын өткөрүп, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу экенин билдиришти. 


Алардын айтымдарында, партия 1999-жылы 22-сентябрда түзүлүп, мамлекеттик каттоодон 2021-жылы 26-февралда өткөн. Алардын маалыматтары боюнча, бул партия 1999-жылкы биринчи каттоодон өткөн эмес, андыктан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына туура эмес маалыматты беришкен. Ал кезде “Эл биримдиги” деп аталып, жетекчиси Замирбек Эсенаманов болгон.


Ал эми 2021-жылдын 26-февралында партия жаңы жетекчиси Айбек Маткеримов менен катталды. Факты жүзүндө бул жаңы партиянын каттоосу болуп калды.


Жогоруда саналып өткөн партиялардын ою боюнча, Аймактык шайлоо комиссиясы  "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды бузду. Анткени мыйзамдын талабы боюнча партия 6 айдан кем эмес убакыт мурун каттоодон өтүшү керек.


"Айкөл Кыргызстан" партиясы 7-апрелде эле Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган, комиссия ошол эле күнү жыйын өткөрүүгө милдеттүү болчу жана партияны каттоого алуудан баш тартууга убактылары бар эле. Мыйзам боюнча, процесстин кайсы стадияда болбосун партиянын тизмесин жокко чыгарууга укугу бар. Ошондуктан партиялар Жогорку сот аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бул партияны шайлоодон алып салуусун талап кылышууда.


"Айкөл Кыргызстан" партиясынын өкүлү Бакыт Керимбековдун пикиринде, Боршайком 2015-жылы эле шайлоонун жыйынтыгын “боёп”, ММКларга жарыялап, бардык мыйзамдарды бузуп келген, эч ким билбей калат деген ишенич менен.


Анарбек Катагановдун айтымында, Юстиция министрлигинин сайты аркылуу бул партиянын эски аталышы уставы кошо 26-февралда жоголгонун билип алышкан. Ошол эле күнү "Ата-Журт Кыргызстан" жаңы партиясы пайда болгон. “Булардын ОПКОсу ошол эле бойдон калып калганынан билдик, партиянын уставы жана аталышы өзгөрүп, калганы ошол бойдон калып калган. Булар коррупция менен баштайлы дешкенби? Бул пара берүү жолу же админресурсту колдонуу менен гана чечилет”, - деди ал.


Редакциядан: Материал kaktus.media сайтынан кыргызчаланды

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн