Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

70 миң доллар пара алган Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды

16.05.2022 13:06
1246
70 миң доллар пара алган Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А. Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМК тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.

        Буга чейин, 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республиксына алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.

         Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. 

2022-жылдын 14-майында КР УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган. 

          Маалым болгондой, кармалган Ы.Т.К. азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.

          Учурда КР МУКК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн