70 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясын капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу УИАнын президенти Канат Абдрахматов Фейсбук баракчасына билдирди.
«Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. 70 жылдан бери биринчи жолу. Өткөн жылдарда биз бир нече жолу “косметикалык” оңдоо иштерин жасаганбыз. Бирок ал мындай эмес! Бутубузга турабыз деп ишенем! Илим кайра жаралат», — деп жазган ал.
Илимдер академиясынын жетекчисинин айтымында, оңдоо иштери бир гана башкы имаратта эмес. Азыр имараттын алдындагы эски асфальтты алып, жаңысын төшөп жатышат.
«Биз кара топурак алып келдик – учурда унаалар токтогон жерде көк чөп болот. Жан кубанат», - деп кабарлады ал.
Канат Абдрахматов ошондой эле 2024-жылы алты илимий долбоор каржыланганын, анын бири ДНК лабораториясын түзүү экенин билдирди.
Ошол эле учурда академиянын кызматкерлеринин орточо айлыгы болгону 13 миң сомду түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн