Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

700 млн доллар боюнча ишке чекит коё албай жаткан тергөөчүлөргө нааразычылык айтылды

18.06.2020 18:53
1075
700 млн доллар боюнча ишке чекит коё албай жаткан тергөөчүлөргө нааразычылык айтылды


Кыргызстандан сыртка чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча элди дүрбөлөңгө салбай, депутаттык комиссия түздүрүп эл өкүлдөрүн кыйнабай жана парламенттин кароосуна чейин жеткирбей укук коргоо органдары өздөрү эле чечит коюп койсо болмок, деп нааразы болду депутат Жыргалбек Турускулов.


Белгилей кетсек, бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулуп, талкуу суроо-жооп ирээтинде уланууда.

 

Бул ишти иликтеп жаткан тергөөчүлөрдүн маалыматында, 700 млн доллар боюнча кылмыш иши толугу менен изилденип, тергөө иштери аткарылган. Бирок ар бир иш өзүнүн жагдайына жараша тергелет.


Бул жерде ири суммадагы акча боюнча иш болуп жаткандан кийин өтө кылдат жумушту жана мыйзамдуулукту талап кылат. Ошондуктан ар бир иштин өзүнүн мөөнөтүнө жараша убакытты алат жана ошол убакытты сактоого туура келет. Мындан тышкары жарандардын укугун коргоо жагы камсыздалууга тийиш. Өзүнүн нугу менен келе жаткан тергөө иштерине ЖМКда чыгып жаткан ар кандай бурмаланган маалыматтар тоскоолдук жаратты жана убакытты чойгонго туура келди”, - деди тергөө тобунун өкулү.


Ошондой эле ал тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү адамдар өзүнүн жазасын жана жоопкерчиликтерин алышат, деп кошумчалады.


Жыргалбек Турускулов муну менен базарлардагы ири ишкерлердин бизнестерине, акча которууларына текшерүү жүргүзүп, кыйнап жаткандарына нааразы болуп, элди дүрбөлөңгө салбай жана эл аралык деңгээлге чыгарбай чекит коюп коюуга боло турганын айтып, бул ишти эртелеп аяктоону талап кылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн