Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алууну президентке сунуштады. Анын отставкасына 72 депутат колдоп добуш берди.
Эске салсак, социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында чиновник депутаттар менен тирешип кеткен. Эдил Байсалов аларга министрлер кабинетинин ишине кийлигишпеши керектигин айтып, ыйгарым укуктарынан аша чаап кетип жатканын айткан. Буга эл өкүлдөрү нааразы болушкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн