Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

72 килограмм салмакта Адилхан Нурланбеков Азиянын коло медаль ээси болду

20.04.2022 18:15
730
72 килограмм салмакта Адилхан Нурланбеков Азиянын коло медаль ээси болду

Кыргызстандык балбан Адилхан Нурланбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Адилхан Нурланбеков 72 кг салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Мирзабек Рахматовго каршы чыкты. Күрөштүн биринчи бөлүгүндө өзбекстандык балбан үч упай алып алдыда келе жаткан. Экинчи бөлүктө Нурланбеков дагы үч упай алып, эсепте 3:3кө өзгөрттү. Акыркы упайды кыргыз балбаны алгандыгы үчүн жеңиш Адилхан Нурланбековго берилди.


Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган. Экинчи күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын байгеге ээ болду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн