Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

74 батир,10 унаа. Мыйзамсыз байыган судья аныкталды. Мүлктөрүнүн сүрөттөрү...

08.04.2021 11:29
6539
74 батир,10 унаа. Мыйзамсыз байыган судья аныкталды. Мүлктөрүнүн сүрөттөрү...

Бишкек шаардык сотунун судьясы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын судьялары тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин (Мыйзамсыз баюу) боюнча кылмыштын негизинде Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясын «Ж.М.Б.» карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Такталгандай, аталган «Ж.М.Б.» аттуу судья мүлктүн көптөгөн объектилерине ээ болгон мыйзамдуу киреше булактары жок болуп, анын ичинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объекттер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган.

Муну менен катар, аталган судья «Ж.М.Б.», кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн.

Учурда «Ж.М.Б.» судьясына таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Арси.
А так молодец экен, ошончо байлыкты топтоптур))) Мындай баарынын колунан келе бербейт.
Азамат
Эмнеси молодец, ошонун баарына жооп берет урдалган нерсе эч качан буйрубайт!
Сулайман
Жалал Абад областык райондор аралык сотунун мурдагы төрөагасы Мажитовтун дүйнөсү мындан кем эмес ар бир чечимди акчага жасаган териштирүү керек.
Алмазбек
Мүлктөрүн алыш керек эгер бизнеси жок болсо корупсионер деп камаш керек мындайлар керек болсо жерин элин сатканга дайар
Арси.
Жерин, элин мындайлар качан эле сатып коюшкан))) Коррупция, озгочо коп олчомдогу коррупция, мекенге чыккынчылык кылуу менен эле барабар жазасы.