Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

7800 доллар жана 50 миң сомдук кол саат уурдаган жаран кармалды

22.01.2022 21:40
602
7800 доллар жана 50 миң сомдук кол саат уурдаган жаран кармалды

Аламүдүн районунда 50 миң долларлык кол саатты уурдоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына арыз менен 59 жаштагы Ц.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Белгисиз адамдар 20-январда арыз ээсинин үйүнө кирип, 7 миң 800 долларын, 50 миң сомдук кол саатын, 400 долларлык уюлдук телефонун, зер буюмдарын уурдап кеткен.


Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.


Керектүү ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Ю.А. аттуу жаран кармалган.


Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүүдө.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн