Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын 42 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын 16сы эркек киши жана 26 аял бар. Жаңы катталган бейтаптардын 13ү медицина кызматкерлери.
Жаӊы катталгандар:
Бишкекте – 10Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 24
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 5
Бүгүн жаңы катталган учурларды кошкондо Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ге жетти.
Алардын ичинде:
Ош облусунда – 97
Ош ш. – 33
Жалал-Абад облусунда – 81
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 10
Чүй облусунда – 7
Бишкек ш. – 35
Ысык-Көл облусунда – 3
Коронавирус жуктургандардын арасында 32 дарыгер бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн