Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

8-кабаттан боюн таштаган балага кандай медициналык жардам көрсөтүлдү?

28.10.2021 15:33
1328
8-кабаттан боюн таштаган балага кандай медициналык жардам көрсөтүлдү?

Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу бүтө элек имараттын 8-кабатынан секирген 22 жашка кандай абалда болгонун Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов айтып берди.


Анын айтымында,  окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы иш алып барган.


«Бала өзүн таштагандан кийин  бир бригада дароо ишке киришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чакыруу түшөрү менен биздин кызматкерлер  ошол жерде болушкан. Биз ал жерде медициналык жардам көрсөтүү үчүн даяр турганбыз.


Бала боюн таштаганда анын ички органдары үзүлүп кеткен. Анын баш мээси жарылып кеткендиктен ошол жерде алгачкы жардам көрсөтүлдү. Бирок баланын абалы өтө эле оор эле», - деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн