Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

8 кызматкеринен коронавирус аныкталган “Автомаш-Радиатор” ишканасы карантинге жабылды (фото)

28.05.2020 18:08
1037
8 кызматкеринен коронавирус аныкталган “Автомаш-Радиатор” ишканасы карантинге жабылды (фото)


Бишкек шаарындагы “Автомаш-Радиатор” ишканасынын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталып, мекеме карантинге жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 28-майда “Автомаш-Радиатор” ишканасынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталып, борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев мекеменин бир бөлүгүн 14 күнгө карантиге жапты.


Мындан сырткары, алардын 38 кызматкери 14 күндүк карантинге жиберилип, эпидемиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Ишкананын көргөзмө бөлүгү өзүнчө иштегендигине байланыштуу, кардарларды санитардык аралыкты сактатуу менен тейлей алышат.


Ал эми кызматкерлери дезинфекциялык туннелдерден өтүп, беткап эрежесин сактоо менен ишин улантат. 60 жаштан жогорку кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн