Бишкек шаарында өткөн "аялдардын тилектештик маршында" чагымчылдык кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү катары 5 адам кармалган.
"Кармалгандарга карата тийиштүү протокол түзүлдү. Учурда чагымчылдыкка катыштыгы бар делинген бул 5 адамдан башка да жарандарды аныктоо иштери улантылып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн