Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоодон өткөрүүнү улантууда. 27-октябрда бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн 8 талапкер шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, 8 талапкер өз арыздарынын негизинде шайлоодон четтетилген.
Алар:
- Артыков Асылбек Авазбекович — №10 Куршаб округу
- Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматович — №16 Ноокен округу
- Ешалиев Улан Жолдошбекович — №23 Москва округу
- Акматова Динара Асанкуловна — №36 Ысык-Көл округу
- Акунбеков Эрлин Абакирович — №15 Базар-Коргон округу
- Маматов Улан Орозалиевич — №13 Сузак округу
- Жолболдуев Памирбек Бакыевич — №4 Көк-Жар округу
- Муса кызы Алина — №35 Ак-Суу округу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн