Ош шаарында окуучу кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрь күнү болжол менен саат 18:30дар чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринин алдынан 8 жаштагы кыз батыштан чыгышты көздөй жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан учурда Дэу-Матиз унаасы сүзүп, андан кийин Хонда-СРВ машинасын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Кырсыктан улам кыз денесинен жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. 29-сентябрь күнү аталган унаанын айдоочусу 27 жаштагы А.Б. кармалган.
Ал эми унаасы айып короого киргизилип, айдоочу Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн