Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:57
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

8 жаштагы кыздын асынып алышына телефондогу тасма себеп болгонбу?

01.12.2020 08:44
3606
8 жаштагы кыздын асынып алышына телефондогу тасма себеп болгонбу?


27-ноябрда Өзгөн районунун Макаренко айылында 3-класста окуган кыздын асынып алган денеси сарайдан табылган болчу.  болду. Бул боюнча Turmush басылмасы Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянуу менен анын себептерин жазып чыкты.


Андагы маалымат боюнча К.А. аттуу кыздын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинолор түрткү бериши мүмкүн. Анткени жакындары ал буга чейин өз жанын кыйгандар жөнүндөгү кинолорду кызыгып, кайталап көрө берчү экендигин билдиришкен. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгү айтылууда.


Чынында акыркы кездери көпчүлүк окуучулар сабакка телефон аркылуу катышып, мектеп курагындагы балдар негизги убактысын смартфон менен өткөрүүдө. Анда жеткинчек кандай тасмаларды көрүп жатканын ар бир үй-бүлө көзөмөлдөй албайт.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн