Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

80 миң доллар турган унааны уурдоого шектелген адам кармалды

17.06.2020 11:13
1261
80 миң доллар турган унааны уурдоого шектелген адам кармалды


Криминалдык милиция тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 21-сентябрында М.К. аттуу жаран милицияга чала тааныш болгон “Н” аттуу адамга карата чара көрүп берүү арызы менен кайрылган. Шектүү жабыр тарткан адамдын ишеничине кирип Салиева жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде баасы 80 миң доллар турган “САТ 0345” үлгүсүндөгү экскаваторуна алдамчылык жол менен ээ болуп, белгисиз тарапка айдап кетип калган.


Аталган факт боюнча 204-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 40 жаштагы Э.Н. аттуу адам Бишкек шаарында кармалган.


Учурда ага карата 98-берене менен кылмыш-иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн