817 адам коронавирус илдетин белгилери жок өткөрүп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 817 адамдан оорунун белгилери жок чыгып үй карантинде. Учурда стационарларда 607 бейтап дарыланууда. Алардын ону жандандыруу бөлүмдөрүндө.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясынын 3 519 учуру катталып, 2 054 бейтап ооруканадан чыгарылса, 41 киши каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн