Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

850 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды

02.03.2021 09:08
630
850 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кармалган адам борбордун эки тургунун жалпы 850 миң сомго алдап кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. "Шектүүгө карата милицияга эки арыз келип түшкөн.


Алардын биринде жабырлануучу 2020-жылдын 13-сентябрында арыз ээсинин 300 миң сомдук Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын алып, 2 ай ичинде акчасын берем деп алдап, из жашырып качып кеткен. Ал эми башка жаранды дагы дал ушундай жол менен алдап, убадасын аткарбай 550 миң сомун ээлеп алган. Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал СИЗО-1ге бир айга камалган", - деп айтылат маалыматта.


Милиция кызматкерлери жогорудагы шектүүдөн жапа чеккендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт: 0312352605, 0312352947, 0551102197, 0500166133 жана 102.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн