Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 23:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

87% пайыз окуучу "экиге" окуйт. Каныбек Иманалиев ЖРТнын босого баллын көтөрүү керектигин белгиледи

24.05.2023 16:47
389
87% пайыз окуучу "экиге" окуйт. Каныбек Иманалиев ЖРТнын босого баллын көтөрүү керектигин белгиледи

Айрым райондордо окуучулардын 87 пайызы "эки" деген баага окуйт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.


Анын айтымында, ЖРТнын босого баллын түшүрүү менен окуу сапаты начарлайт.


"Айрым райондордо окуучулардын 87 пайызы, айрымдарында 83 пайызы жалпы республикалык тестирлөөнүн болбогон 110 баллдык босогосунан өтө албайт. Бул деген окуучулар "эки" деген баага окуйт дегени.

Тескерисинче, биз ЖРТнын босого баллын көтөрүшүбүз керек. Бардык окуучуларды жогорку окуу жайларга окугула деген жокпуз. Кесиптик окуу жайларды тандасын",- деди министр.


Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев окуучулар жогорку окуу жайларга кире албай, мигрант болуп кетип жатканын айтты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шамуратов Калыбек
Менин пикирим: министр мырза босого балды котором дейт. Ушу менен биз окуу сапатын жогорулата албайбыз. Себеби, азыркы шарттагы билим беруу системами дагы да болсо талапка жооп бербей. Болонский процесс деди. Мун деле советтер мезгилиндеги системадан дээрлик томон