Кулжа 05, 2025
Убакыт: 04:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.100
1.135

9 адам каза болду. Суданда аскердик төңкөрүшгө каршы чыккандарга карата ок чыгарылууда

26.10.2021 13:42
558
9 адам каза болду. Суданда аскердик төңкөрүшгө каршы чыккандарга карата ок чыгарылууда

Судандын борбору Хартум шаарында аскердик төңкөрүшкө каршы митингге чыккандарга карата ок чыгарылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.


24-октябрда аскердик төңкөрүш болуп, Судандын премьер-министри баш болгон министрлер төңкөрүшчүлөрдүн колуна түшкөн. Аскердик бийлик дароо өлкөдөгү интернет байланышын жана шаарга кирүүчү жолдорду бууган.


25-октябрда аскердик бийликке каршы митингге чыккан адамдарга карата ок атылган. Натыйжада кеминде 9 адам каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн