Кыргызстанда бүгүн, 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды, деп саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталды. Алардын ичинен:
Бишкекте – 1
Ош облусу, Ноокат районунда – 1
Ош ш. – 3
Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1 ) – 5
Жаӊы катталган учурлардын ичинен 2 медкызматкерде аныкталды. Алардын жалпы саны – 34.
Муну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдардын жалпы саны 280ге жетти.
Министрдин орун басарынын билдирүүсүнө караганда жаңы катталгандардын экөөсү 2 дарыгер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн