Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

9 айда 220 миң 387 жол эрежесин бузуу катталган

12.10.2021 18:05
671
9 айда 220 миң 387 жол эрежесин бузуу катталган

Милициянын кайгуул кызматы 2021-жылдын тогуз айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.


Кайгуул кызматынан билдиришкендей, тогуз айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 220 миң 387 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, өткөн жылга салыштырмалуу 85 миң 756 протоколго көп түзүлгөн.


Алардын ичинен :


- Автоунааны тийиштүү документтери жок айдоо - 2504 ;

- Мас абалында унаа башкаруу - 2313;

- Авто ээнбаштык - 47;

- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 498 ;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедтер катышкан эреже бузуулар - 4033

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 21 миң 952.


Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 17 миң 708 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 311 млн 629 миң 500 сом айыппул салынып, бүгүнкү күндө 76 млн 79 миң 352 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.


Ошондой эле тогуз ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 58 миң 366 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген.


Алардын ичинен:


- 17 миң 925 чакыруу боюнча жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилген;

- 1 миң 147 чакыруу боюнча “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилген;

- 133 кайырчылар боюнча чакыруулар тейленген.


Ал эми кайгуул кызматкерлери тарабынан тогуз ай ичинде 2 миң 229 кылмыштар жана жоруктар аныкталып, баары жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн