Бугу 11, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

9 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү

03.11.2022 14:15
704
9 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.


“Салмак жагынан алып караганда 3 млн 471,6 миң тоннаны түзөт”, - деп айтылат маалыматта.


Кыргызстандын товарлардын жалпы экспортунун көлөмү 500,2 млн доллар каражатты, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тоннаны түздү. Ал эми импорттун көлөмү 4 млрд 689,1 млн доллар, салмагы 1 млн 535,6 миң тонна көрсөткүчтө болду.


Мындан сырткары, 2022-жылы Кытайдан товарлардын импорту 2 млрд 807 млн доллар же 607,3 миң тоннаны түзүп, андан 35,7 млрд сом бажы төлөмдөр чогулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн