Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

9 айда консолидацияланган бюджет 306,3 млрд сомду түздү

04.11.2022 14:18
786
9 айда консолидацияланган бюджет 306,3 млрд сомду түздү

Кыргызстандын 2022-жылдын 9 айындагы консолидацияланган бюджети 306,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» партиясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, консолидацияланган бюджеттин ресурстары жыл аягына чейин 404 млрд сомго жетиши күтүлүүдө. “ Каражатты 2 айга чогултуу пландалууда», - деди ал.


Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, ошондой эле Кыргызстандын бюджети 2 жылда 156 млрд сомго толукталды.


2021-жылы өсүү темпи 126%, 2022-жылы 129%ды түзгөн. Алсак, 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 248 млрд сомду түзсө, 2021-жылы анын көлөмү 65 млрд сомго көбөйүп, 313 млрд сомду түздү.


 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн