9-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы катталган 23 учурдун алтысы ооруну кайдан жуктурганы белгисиз.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 6;
Ош шаары - 4;
Чүй облусунда - 2.
Ош облусу - 3;
Нарын облусу - 1;
Жалал-Абад - 3;
Ысык-Көл облусунда - 4.
Муну менен республика боюнча жалпы 2055 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 38 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1483 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн